• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Мадумаров: Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн тандалма жол менен жоопкерчиликке тартуу туура эмес

25 Бугу 2022 15:09 Бишкек Govori.TV

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнө коюлган айыптар боюнча пикирин билдирди.

Депутат Мадумаров Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн тандалма жол менен жоопкерчиликке тартуу туура эмес деп эсептейт.

«Убактылуу өкмөттө он төрт киши отурган. Анан үчөөнү тандап алып ушуларга тиешелүү деген нерсе сөзсүз түрдө маселе туудурат. Исмаил Исакович соңку кездерда абдан орчундуу маселелерди көтөрүп жүрөт. Социалдык абал өтө курчуп, нааразычылык күчөгөн учурда азыркы бийлик жалаң пиар менен алек болот. Жалган маалымат таратуу, ушактарды чыгаруу, адамдардын көңүлүн башка жакка буруу деген сыяктуу ыкмаларды колдонушат. Булар өкмөттө иштегенге караганда социалдык тармакта иштегенди жакшы көрүшөт. Ал эми Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө кандайдыр бир доомат коюла турган болсо кылдаттык менен иликтене турган маселе. Тандалма жол менен жоопкерчиликке тартылуусу туура эмес. Ошол мезгилдеги кырдаалга баа берүү деген маселени биринчи коюш керек эле. Азыркы көрсөтүлүп жаткан нерсе «Сен биздин жүргүзүп жаткан саясатка каршы чыктыңбы? Демек, сиз менен башкача сүйлөшөбүз» деген гана иш-аракет болушу ыктымал. Убактылуу өкмөттү жоопкерчиликке тарта турган болсок, он төртүнүн баары тартылышы керек. Ошончо кишинин тагдырын эки киши чечпеши керек. Мен убагында Убактылуу өкмөткө каршы чыккан кишимин. Карама-каршылыкта жүргөм. Бирок кандай мамиледе болбо баары мыйзамдын чегинде болушу зарыл. Бир дагы жан адилетсиз азап чекпеши абзел»,-деди Мадумаров.

Эске салсак, Июнь окуясы боюнча кылмыш ишин иликтөө 2021-жылдын апрель айында кайра башталган. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Анын алкагында Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы 20-май күнү 2010-жылдагы июнь калабасы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ошол учурдагы Убактылуу өкмөттүн үч мүчөсүнө — генералдар Кеңешбек Дүйшөбаев менен Исмаил Исаковго жана саясатчы Бектур Асановго айып тагып, иштин материалдары менен тааныштырган.

Количество просмотров: 3237