• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Мадумаров: Жапаровду эл колдогон жок, кыйкырып жаткандардын баары фейктер

10 Үчтүн айы 2021 21:20 Бишкек Govori.TV

Садыр Жапаровду эл колдогон жок, кыйкырып жаткандардын баары фейктер. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда талапкерлердин бири Адахан Мадумаров журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

«Социалдык тармактарда аны колдоп жазгандарды өзүңүздөр деле көрүп жатсаңыздар керек. Жапаровдун штабында 300дөй компьютер менен отургандарын айрым ЖМК өкүлдөрү айтып чыгышты», — деди Мадумаров.

Автоматтык эсептөө урналардын алдын ала маалыматы боюнча талапкерлер төмөндөгүчө добуштарга ээ болгон:

  1. Садыр Жапаров — 78.91%;
  2. Канатбек Исаев — 0.59%;
  3. Мыктыбек Арстанбек — 1.44%;
  4. Клара Сооронкулова — 0.90%;
  5. Имамидин Ташов — 1.20%;
  6. Рашид Тагаев — 0.00%;
  7. Абдил Сегизбаев — 1.38%;
  8. Адахан Мадумаров — 6.38%;
  9. Аймен Касенов — 0.84%;
  10. Улукбек Кочкоров — 0.72%;
  11. Жеңишбек Байгуттиев — 0.09%;
  12. Эльдар Абакиров — 0.45%;
  13. Курсан Асанов — 0.48%;
  14. Арстанбек Абдылдаев — 0.08%;
  15. Равшан Жээнбеков — 0.19%;
  16. Бактыбек Калмаматов — 0.51%;
  17. Бабыржан Төлбаев — 2.05%;
  18. Каныбек Иманалиев — 0.16%;
  19. Баарына каршы — 1.21%.

БШКнын маалыматы боюнча референдумга 1 млн 178 миң 656 жаран катышкан. Ал жалпы шайлоочулардын 33,08%ын түзөт (сандар эсептөөгө жараша өзгөрүлөт).

Автоматтык эсептөө урналардын алдын ала маалыматы боюнча, президенттик башкаруу формасына – 81,5%, парламенттик башкаруу формасына 10,59% жана бардык варианттарга каршыга – 4, 39% добуш берилген.

Эскерте кетсек, 3 млн 563 миң 574 жаран шайлоо укугуна ээ.

Количество просмотров: 10217