Буга чейин «Кыргызстан» партиясы 2020-жылдагы шайлоого катуу даярдыктарды көрүп жатканы жана алар азыркы бийликти колдоору тууралуу маалыматтар айтылган.
Ал эми саясатчы Адахан Мадумаров «азыр Жээнбековду колдогон «Кыргызстан» партиясы убагында Атамбаевди деле колдогон» деген пикирин айтты.
Колдомок түгүл ары карай томологунуп кетишсин. Ошол «Кыргызстан» партиясы «Биз Атамбаевди колдойбуз» деп кыйкырып чыгышкан. Элдер аябай этият болушу керек, — деди саясатчы.