• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Мадумаров журналисттер менен кезикпей койду

10 Үчтүн айы 2021 20:44 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-январда президенттикке талапкер Адахан Мадумаров журналисттер менен кезигүүдөн баш тартты.

Талапкердин штабына бир нече ЖМК өкүлдөрү келгенин көрүүгө болот. Айрымдары 1 сааттан бери күтүп тургандар. Бирок Мадумаров аларга интервью берүүдөн баш тартып, себебин түшүндүргөн жок.

Учурда Мадумаровдун штабында коомдук ишмер, Ишенбай Кадырбеков, саясатчы Бектур Асанов жана тарапташтары жүрөт.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум өттү. Ага 17 талапкер ат салышты. Алардын бири Адахан Мадумаров.

Количество просмотров: 1734