• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Мадумаровдун иши боюнча депутаттык комиссия эртең корутунду чыгарат

21 Кулжа 2023 17:57 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартуу маселесине байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссия жабык жыйын өткөрүүдө.

Маалыматка караганда, комиссиянын чечими эртең чыгары күтүлүп жатат.

Эске салсак, 31- майда парламентке Башкы прокуратурадан Мадумаровду Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү”, “Жапырт башаламандык”, “Бийликти күч менен басып алуу” жана “Бийликтен аша чабуу” деген беренелеринин негизинде жоопко тартуу боюнча сунуштама түшкөн.

Буга байланыштуу депутаттык комиссия түзүлүп, курамына депутаттар Ханджеза Карим (“Мекенчил” депутаттык тобу), Кундузбек Сулайманов (“Ата-Журт Кыргызстан”), Миргүл Темирбаева (“Ишеним”), Гуля Кожокулова (“Бүтүн Кыргызстан”), Мурадил Сыдыков (“Ынтымак”), Динара Ашимова (“Ыйман Нуру”), Фарходбек Алимжанов (“Альянс”), Мирлан Самыйкожо (“Элдик” депутаттык тобу) кирген.

Количество просмотров: 192