• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Мага өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн бергиле». Атамбаев тартип бузганы үчүн сот залынан чыгарылды (видео)

8 Чын куран 2022 11:05 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2020-жылдагы Октябрь окуялары боюнча кылмыш ишин караган соттук жараян учурунда тартипти бузуп сот залынан чыгарылды.

Атамбаевдин айтымында, ал тартип бузууга аргасыз.

«Менин үч грыжам бар, алар боюнча МРТнын тиешелүү корутундусу бар. Мен отурам, колдорум уктап жатат. Келген тез жардам келип менде кабырга аралык невралгия бар дейт. Бул мазактоо. Мага өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн бергиле. Бирок, мени кыйнап, шылдыңдаганды токтоткула», — деди Алмазбек Атамбаев.

Андан соң мурунку президент буту менен тосмону тээп баштаган. Натыйжада ал сот залынан чыгарылды.

Белгилей кетсек, бүгүн 8-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2020-жылдын октябрындагы массалык башаламандык боюнча кылмыш ишин кароону улантууда.

Сотко мурунку президент Алмазбек Атамбаев, президенттик аппараттын экс-жетекчиси Фарид Ниязов алынып келинген. Буга чейин Атамбаевдин адвокаты отурумду онлайн өткөрүү өтүнүчү менен кайрылып, мурунку президенттин отурумга видеобайланыш аркылуу катыштырууну суранган. Бирок сот буга эч кандай негиз жок деп эсептейт.

Видео: 24.kg

Количество просмотров: 4798