Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) эл аралык уюму кыргызстандык журналист Махабат Тажибек кызынын абактан бошотулушун кубаттап, ага коюлган бардык айыптарды алып салууга чакырды.
«Махабат Тажибек кызынын абактан бошотулушу туура багыттагы сейрек жана маанилүү кадам. Бирок бул жетишсиз. Ал башынан эле мындай жалган айыптар менен бир күн да абакта отурбашы керек эле. Кыргыз бийлиги бул ишти толук жабуу үчүн бардык айыптарды токтоосуз алып салышы керек», — деди CPJнин Европа жана Борбор Азия боюнча программалык координатору Гүлноза Саид.
Аталган уюм буга чейин бир нече ирет кыргыз бийлигин Тажибек кызын бошотууга чакырып келген.
Бишкектин Ленин райондук соту 23-мартта Кыргызстанда ишмердиги экстремисттик деп табылган Temirov LIVE, “Айт, айт десе” долбоорлорунун жетекчиси, камактагы Махабат Тажибек кызынын ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча карап, аны эч кайда кетпөө тууралуу тил кат менен чыгаруу чечимин кабыл алды.
Булак: Азаттык.