• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жогорку сот Махабат Тажибек кызынын ишин кайра кароого райондук сотко жөнөттү

10 Жалган куран 202615:05 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-мартта Жогорку сотто Темиров LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун жетекчиси, камакта жаткан Махабат Тажибек кызынын иши боюнча отурум өттү.

Соттук отурумда Тажибек кызынын жактоочусунун өтүнүчү каралып, ал канааттандырылды. Соттун чечими менен иш кайра кароо үчүн Ленин райондук сотуна жөнөтүлдү.

Эске салсак, буга чейин БУУ негизсиз камакка алуу көрүнүштөрүн иликтеген жумуш тобу Темиров LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун мурунку жана ошол кездеги кызматкерлеринин кармалышы Адам укугунун жалпы декларациясынын, Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пакттын бир канча беренесин бузганын белгилеген. Кийинчерээк кыргыз бийлигине бир нече сунуш, анын ичинде Махабат Тажибек кызын абактан бошотуу сунушун берген.

БУУнун чечимине байланыштуу адвокаты ишти жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылган.

Количество просмотров: 176