• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Махмудов Азия чемпионатынын финалына чыкты

9 Чын куран 202314:53 Бишкек Govori.TV

Акжол Махмудов Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты.

Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмакта мелдештин чейрек финалынан баштап катышууда.

Алгач түркмөнстандык балбанды 9:0 эсебинде жеңип, жарым финалга өттү. Анда Махмудов япониялык Кодай Сакурабага каршы килем үстүнө чыкты. Бул күрөштө кыргыз балбаны кыйла күчтүү экенин далилдеп, атаандашын 9:1 эсебинде утту.

Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 9-14-апрель күндөрү Астана шаарында өтүүдө.

Количество просмотров: 53