• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Махмудов, Тыныбекова чакырылды. Кремль сарайында ири концерт өтөт

4 Үчтүн айы 202210:26 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Кремль сарайында кыргыз диаспорасынын колдоосу менен достук мамиледеги жана өнөктөш мамлекеттердин гала-концерти өтөт. Бул тууралуу Кремль сарайынын расмий сайты жазды.

Маалыматка ылайык, концерт 15-январга белгиленген. Ага Кыргызстан, Өзбекстан, Европа жана Азиянын белгилүү артисттери катышат.

Иш-чарага Кыргызстандан акын Жеңишбек Жумакадыр, манасчы Дөөлөт Сыдыков, ырчылар Мирбек Атабеков, Тимур Кожобеков, Байсал Изабеков жана Нурчолпон, «Шайыр апалар» тобу, «Улуу көч» фольклордук тобу катышат. Гала-концертке конок катары балбандар Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, альпинист Эдуард Кубатов, ишкерлер Денис Гайворонский, Чолпонбек Акматов, Жумадыл Эгембердиев, Асел Сыдыкова, Сайкал Асылбекова жана Чолпонбек Жумашүкүров чакырылган.

Количество просмотров: 1454