• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Майда ээнбаштык. «Кырк чоро» кыймылынын лидерине иш козголду

12 Жалган куран 2019 21:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.03.2019.Govori.TV

«Кырк чоро» кыймылдын лидери Замирбек Көчөрбаевге «Майда ээнбаштык» деген статья менен иш козголду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта Замирбек Көчөрбаевге Жосундар жөнүндө кодекстин 119-беренеси менен («Майда ээнбаштык») иш козголду.

Эскерте кетсек, 11-мартта «5 каналдын» жаңылыктар чыгарылышында Көчөрбаев феминистердин өкүлү Мира Токушевага кайрылып, 8-мартта маршка чыккан активисттердин даректери бар экенин айткан. Мира Токушева мындай билдирүүнү опуза катары сыпаттап, милицияга арыз жазган.

Эскерте кетсек, 8-мартта феминисттер тарабынан уюштурулган марш өткөн. Аялдардын тилектештик маршына жалпы жүздөн ашык киши катышкан.

Бул маршты “Кырк Чоро” кыймылынын мүчөлөрү колдоп, аянтка келип феминистерди гүл менен куттукташкан.

Кызыгы, коомдун пикиринен улам, 10-мартта “Кырк Чоро” кыймылынын мүчөлөрү өздөрүнүн кадамына каршы чыккандай, бул жүрүштү уюштурууга уруксат бергендиги үчүн мэрдин отставкасын талап кылган акция өткөрүштү.

Мындай кадамдардан кийин коомчулукта «Кырк Чоронун» позициясы кайда?,-деген суроо жаралды.

Эки анжы болгон кырк чоро


Количество просмотров: 11