• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Майдан: Аймактык реформа ача пикир жаратты (Түз эфир)

5 Жалган куран 2024 16:26 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров өткөн жылдын декабрь айында “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режиминде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

Жарлыктын негизинде Бишкек шаары 12,9 миң гектардан 37,8 миң гектарга кеңейет. Чүй облусунун сегиз айыл аймагы жана төрт айыл аймактын айрым айылдары борборго кошулууда.

Бишкек шаардык кеңешинин токтомуна ылайык пилоттук режим маалында Бишкек шаарынын мэрине бюджетти бекитүү, коммуналдык кызматтарга, жол киреге жана товарларга тарифтерди, шаар ичиндеги аймактардын чек араларын аныктоо боюнча ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилмекчи.

«Аймактык реформа ача пикир жаратты» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары:

Венера Исалиева — Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин бөлүм башчысы;

Таалай Усубалиев — Бишкек шаардык кеңешинин депутаты;

Мавлян Аскарбеков — жарандык активист;

Калича Умуралиева — «Биздин укук» коомдук фондунун жетекчиси.

Количество просмотров: 561