• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Майдан: Алтындын түбүнө ким жетет? “Кумтөрдүн” артында чоң чыр жатат (Түз эфир)

12 Бугу 2021 17:07 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш Кумтөр алтын кенине Министрлер кабинети сырттан башкаруу киргизе ала турган мыйзам долбоорун кабыл алды. Мыйзам кабыл алынгандын эртеси Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр голд” компаниясын 261 млрддан ашык сомду мамлекетке төлөп берүүгө милдеттендирди.

Парламент Кумтор боюнча долбоорду дароо үч окууда колдоду. Анын авторлорунун бири, депутат Акылбек Жапаров мыйзам долбоору кен тармагында концессиялык келишим менен иштеген компанияларга гана тиешелүү экенин, Кыргызстанда мындай бир гана компания бар экенин маалымдаган.

Документ президенттин кол коюусуна жөнөтүлдү. Бул мыйзамга ылайык концессиялык келишим менен иштеген ишканада экологиялык мыйзам бузуулар аныкталса, адамга же анын ден соолугуна, өмүрүнө коркунуч туудурган, абдан чоң зыян алып келе турган абал болсо, убактылуу үч айга сырттан башкаруу киргизүү мүмкүнчүлүгү каралган.

Буга чейин жергиликтүү тургундар кенди иштетүүдө Давыдов, Лысый мөңгүлөрүнө калдыктардын топтогонун мыйзамсыз деп таап, мамлекеттин пайдасына кенемте өндүрүү талабы менен “Кумтөр голд компани” ишканасын сотко беришкен.

Кумтөрдүн айланасындагы окуялар өнүккөндөн бери Кумтөр алтын кенин иштеткен «Centerra Gold Inc.» компаниясынын Торонто биржасындагы акциялары 7-майга карата 31 пайызга түшүп кетти. Компаниядагы Кыргызстандын азыркы үлүшү 26 пайызды түзөт.

Учурда Жогорку Кеңеште Кумтөр алтын кенинин ишмердигин текшерүү үчүн депутаттык комиссия иштеп жатат. Ал арада Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы Кумтөр кенинде буга чейин болгон кырсыктарга байланыштуу «Кумтөр Голд Компани» компаниясынын жетекчилерин суракка чакырды. Бирок аталган жетекчилер Кыргызстандан чыгып кетти деген маалымат тарады.

«Алтындын түбүнө ким жетет? “Кумтөрдү” улутташтырууга болгон кадамдар», деген темадагы Майдандын катышуучулары:   

Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетти жетекчиси Динара Кутманова

Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков

Тоо-кен өнөр жайчылар жана геологдор бирикмесинин төрагасынын орун басары Дүйшөнбек Камчыбеков

Кумтөр кениндеги ишмердүүлүктү баалоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын мурдагы мүчөсү Калия Молдогазиева

Модератор Кайыргуль Урумканова.

Количество просмотров: 1430