• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Майдан: Борбор Азиядагы суу тартыштыгы

22 Баш оона 2023 18:00 Бишкек Govori.TV


Климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу соңку жылдары дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда сугат суу тартыш болууда. Соңку жылдары Кыргызстанда кышкысын кар адаттагыдан аз жаап, ал эми жай айларында кургакчылык, сугат суу көйгөйү жаралып жүрөт. Быйыл да сугат мезгили башталгандан тартып дыйкан-фермерлер суунун тартыштыгына нааразы. Сугат суунун жетишсиздиги өзгөчө Чүй жана Талас облустарында курч болуп турат. Айыл чарба министрлиги айдоо жерлерин сугат суу менен камсыздоо боюнча жылдын алгачкы жарымына карата жыйынтык чыгарып, 1-августка чейин “Кыргызстандагы сугат 92% аткарылды” деген маалымат берген. Бул аралыкта айдоо жерлерине 4 млрд 155,7 млн куб метр суу менен камсыздоо планы коюлса, иш жүзүндө 3 млрд 822,9 млн куб метр суу жеткирилиптир. Кыргызстан Казакстанга Таластагы Киров суу сактагычынан суу берүүнү токтотту. Расмий Бишкек муну келишимге ылайык лимит бүткөнү жана Кыргызстандын өзүндө да суу аз болуп жатканы менен түшүндүрүүдө.

«Борбор Азиядагы суу тартыштыгы» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары:

  • Гүлмира Сатымкулова — Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары башкармалыгынын башчысы;
  • Максат Абдулдаев — Суу көйгөйлөрү жана Гидроэнергетика институтунун Гидроэнергетика лабораториясынын башчысы;
  • Бакыт Мамытканов — Айыл чарба боюнча эксперт.
Количество просмотров: 1510