Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети «Президенттин ишмердиги жана экс-президенттердин макамы тууралуу мыйзамга» өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Ага ылайык, жаңы президент ишине киришкен учурдан тартып бир айдын ичинде экс-президент мамлекеттик резиденциядагы кыймылсыз мүлктөрдү колдонууну токтотот.
Демилгечи Жеңишбек Токторбаевдин айтымында, эгер бул мыйзам кабыл алынса, артка иштебейт. Мыйзам экс-президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаевага тиешелүү эмес. Бул маселе учурда ача пикир жаратууда.
«Экс-президенттерди мамлекеттин эсебинен багууну токтотуу керекпи?» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары: