• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Майдан: Ипотека. Карапайымдар үйгө жете алабы? (Түз эфир)

27 Аяк оона 2023 16:12 Бишкек Govori.TV

Өкмөт бир нече жерде Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу жеңилдетилген шартта бериле турган үйлөрдү курууда. Азыркы тапта үйгө муктаж миңдеген үй-бүлө бар, алардын 12 миңи мамлекеттик ипотека алууга арыз жазган.

Ипотекалык насыя алууга кезекке тургандардын арасынан көбүнчө учурда жеке сектордо иштегендер, Себеби алардын салык жана социалдык фондго болгон төлөмдөрү убагында төлөнбөйт. Мындан улам үйгө жетпей калгандар көп.

Көбү ипотекалык насыя алуу үчүн баштапкы төлөмгө берилчү каражаты жоктугунан, кирешесинин аздыгы жана туруктуу иштеген жеринин жоктугунан улам үй ала албай келет. Коммерциялык банктар берген ипотекалык насыянын пайыздык үстөгү кем дегенде 15% жогору болот.

«Ипотека. Карапайымдар үйгө жете алабы?» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары менен тааныштырып өтсөк:

Таалай Оморов — Мамлекеттик ипотекалык компаниянын сатуу бөлүмүнүн башчысы;

Калича Умуралиева — Биздин укук коомдук фондунун жетекчиси;

Элдар Абакиров — экономист;

Толкунбек Исаков — юрист.

Количество просмотров: 512