• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Майдан: Көлбаевдин өлүмү. «Караларга» каршы күрөш күчөдүбү?

5 Тогуздун айы 2023 16:26 Бишкек Govori.TV

 4-октябрда Бишкекте кримтөбөл Камчы Көлбаев (Камчы Асанбек) УКМКнын атайын операциясы учурунда жок кылынды.

УКМКнын басма сөз кызматы кабарлагандай, кримтөбөл Камчы Көлбаев «Дөө Чыңгыздын» өлүмүнө шектүү катары издөөгө алынып, жүргөн жери аныкталган. «Блондер» клубунда кармоого барган атайын кызматтын аскерлерине каршылык көрсөтүп, курал колдонгон.

Кримтөбөл атыккан Камчы Көлбаев 2020-жылы 21-октябрда УКМК тарабынан Бишкек шаарында кармалган. Ал «Уюшкан кылмыштуу топту түзүү» беренеси боюнча айыпталган. Көлбаев 2-ноябрь күнү ден соолугуна байланыштуу №47 абакка которулган. Март айында чет жакка кетпөө тил катынын негизинде абактан бошотулган.

Эл аралык коомчулук Көлбаевди транс-улуттук баңгизат соодасына аралашкан деп айыптаган. АКШ Көлбаев камалган жылы аны дүйнөдөгү эң ири наркобарондордун тизмесине кошкон.

Атайын операция коомчулук үчүн күүтүсүз болуп чоң талкуу жаратты.

Көлбаевдин өлүмү. «Караларга» каршы күрөш күчөдүбү? деген темадагы Майдандын катышуучулары:

Артур Медетбеков — «Альфа» антитеррордук бөлүмүнүн биринчи жетекчиси;

Мавлян Аскарбеков — жарандык активист;

Өмүрбек Эгембердиев — КР Ички иштер министринин мурдагы орун басары.

Количество просмотров: 4611