• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Майдан: «Кемпир-Абад» талашы. Кыргыз-өзбек чек ара маселесине чекит коюлабы? (түз эфир)

11 Тогуздун айы 2022 17:13 Бишкек Govori.TV

10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун карап, көпчүлүк добуш менен келишимди жактырды. Комитеттеги 6 депутат макулдугун берип, 4 депутат каршы болду.

Жыйынга телефон алып кирүүгө, сүрөт, аудио, видео тартууга тыюу салынган. Анда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат берип, талкууга ЖК депутаттары, саясий ишмерлер, жарандык коомдук өкүлдөрү катышкан. Отурумда Ташиев кыргыз-өзбек чек арасында Кыргызстанга өттү делген жерлерди атаган.

Жапаров 9-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген. Ошондой эле 10-октябрда парламент комитетиндеги жыйынды ачык өткөрүү тууралуу буйрук бергенин айткан.

Кыргыз-өзбек чек арасынын узундугу 1 378 чакырымды түзөт. Анын ичинен 1170 км же 85%ы такталган. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда тогуз талаштуу аймак бар. Сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан аймактардын бири Кемпир-Абад суу сактагычы. Ал Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун аймагында өзбек чек арасында жайгашкан.

Бүгүн «Майдан» дебатында ««Кемпир-Абад» талашы. Кыргыз-өзбек чек ара маселесине чекит коюлабы?» деген теманын тегерегине талкуу болмокчу.

Катышуучулар:

  • Исхак Масалиев — Жогорку Кеңештин депутаты;
  • Исмаил Исаков — мурдагы коргоо министри, генерал-лейтенант;
  • Тимур Саралаев — саясат талдоочу;
  • Улук Маматаев — “Бириккен демократиялык кыймылдын” мүчөсү.
Количество просмотров: 4326