• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Ташиев койгон талабына түшүндүрмө берди

10 Тогуздун айы 2022 11:35 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-октябрь саат 11:00дө Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасын демаркация жана делимитациялоо маселесин карашат. Бирок, жыйынга ЖМК өкүлдөрүнүн камераларын киргизүүгө жана видеого тартууга тыюу салынган.

Маалыматка ылайык, жыйын учурунда журналисттер кагаз жана ручка колдоно алышат. Компьютер жана телефон алып кирүүгө да болбойт.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев коюлган мындай талаптар боюнча учкай жооп берди.

Анын айтымында жыйынга баардык каалоочулар кирсе болот, бирок тартууга уруксат жок.

«Бүгүн кыргыз-өзбек чек арасында кол коюлган баардык протоколдорду ачыктап, эки өлкөнүн ортосундагы келишимди даярдап комитеттен өткөзгөнү жатабыз. Ошонун баарын коомчулук менен бирге талкуулайлы деген оюбуз бар. Ошол эле мезгилде бир маселе болуп жатат, камераларды, телефондорду алып кирбестен, үндөрдү жаздырбастан каалаган адам кирсе болот. Каалаган журналисттер, блогерлер, коомдук ишмерлер, депутаттар кирсе болот. Кирип көрүп, баамдап бирок, жазуу ирээтинде таркатпай туруу шарт болуп жатат», — деди Ташиев.

9-октябрда президент Садыр Жапаров Кыргыз улуттук «Кабарга» берген маегинде: «Жогорку Кеңештин комитетинде жабык эмес, ачык карагыла жалпы эл көрсүн, билсин» деп буйрук бердим. Көргөндөн кийин жалпы эл бизге алкыш айтып, бата гана берерине толук ишенем», — деп айткан.

Количество просмотров: 1176