• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Майдан: Конституциянын ашмалтайын чыгаргандар мыйзамдуулукту сактайбы? (Түз эфир)

5 Жетинин айы 2020 18:00 Бишкек Govori.TV

Майдан: Конституциянын ашмалтайын чыгаргандар мыйзамдуулукту сактайбы? деген дебаттын катышуучулары менен тааныштырып өтөлү:

Клара Сооронкулова Конституциялык палатасынын мурунку судьясы, Реформа партиясынын лидери

Кубанычбек Исабеков коомдук ишмер

Исхак Масалиев  Жогорку Кеңештин мурунку депутаты

Темирбек Асанбеков «Мекен Ынтымагы» партиясынын лидери

Дебатта төмөнкүдөй суроолор көтөрүлөт:

Жогорку Кеңештин 6 чакырылышынын депутаттарынын ыйгарым укуктары 28-октябрда аяктаганы тууралуу юристер айтып келди. Бүгүн, 5 ноябрда Жогорку Кеңеш кадимкидей эле чогулуп, майда чүдө мыйзамдарды пачкалап кабыл алып баштады. Ушул Жогорку Кеңеш, БШКнын чечимине ылайык 20-декабрда өтө турган парламенттик шайлоону токтотту. Бул чечим менен өзүлөрүнүн иштөө мөөнөтүн узартышты. Буга баа берилиши керекпи. Азыркы бийликти күчөтүш үчүн дагы кайсы кадамдарга барышты? Конституциянын кайсы беренелери бузулуп жатат?

Конституциялык реформанын мазмунун көмүскөдө каралып жатат. Эл менен акылдашып талкуулабаса, кайрадан жанжал чыкпашына кепилдик жок? Юристер айткандай азыр 1993 жылда кабыл алынган Конституцияны реабилитация кылып жатышпайбы?

Количество просмотров: 382