Кыргызстанда эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Мындан улам бир катар саясатчылар кырдаалды эске алып, өлкөдө өзгөчө абал киргизүү аркылуу парламенттик шайлоону жылдырууну сунуш кылышууда. Парламенттик шайлоону токтотуп туруу керекпи же аны коопсуз өткөрүүнүн жолу барбы? “Майдан” дебатында талкуу болот.
Дебаттын катышуучулары: БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова, «Ата Мекен-Жаңы Дем” кыймылынын мүчөсү Азамат Темиркулов, коомдук ишмер
Эсен Момункулов, жарандык активист Руслан Акматбек, “Кырк Чоро” кыймылынын жетекчиси Замирбек Кочорбаев.