• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Майдан: Кыргызстан «Кумтөрдү» башкара алабы? (Түз эфир)

20 Бугу 2021 18:01 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештеги депутаттар “Кумтөр” алтын кенин убактылуу тышкы башкарууга алуу сунушун колдоду. Министрлер кабинетинин төрагасы 17-майдагы буйругу менен «Центерра Голд» компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк «Кумтөр Голд» ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу кылып дайындады. Муну менен аткаруу бийлиги Кыргызстандагы эле эмес, дүйнөдөгү ири алтын кендердин бири болгон Кумтөрдү убактылуу башкарат.

Кумтөр Голд» компаниясы жөнөкөй ишкана эмес. Анда оор техникалар иштетилип, алтынды өндүрүүдө химиялык заттар колдонулат. Ушунун баарын жаны бийлик камсыз кыла алабы?

“Кумтөрдү” иликтеген комиссия ара жолдо ишин таштап, соодалашпайбы? Акылбек Жапаров анын үстүнө кендин айланасындагы акыркы окуяларга байланыштуу өткөн аптада мөңгүлөрдүн коопсуздугун жана алардын жылып туруу абалын көзөмөлдөөчү система өчүрүлгөнүн айткан. Бул ошол зонада иштеген адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирет. Коопсуздук маселе кандай чечилиши мүмкүн?

«Кыргызстан «Кумтөрдү» башкара алабы?», деген темадагы Майдандын катышуучулары:   

Султангазиева Анара Аскарбековна  «Жашыл экономика» Коомдук фондунун жетекчиси

Кубанычбек Исабеков Сатиндиевич – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты

Алмаз Жакыпов Жакыпович КР Жер казынасын пайдалануучулар ассоциациясынын аткаруучу директору

Калысбек Рыспаев Усенгазиевич «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын профсоюз комитетинин башчысы.

Модератор Кайыргүл Урумканова

Количество просмотров: 1222