• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Майдан: Ленин округундагы шайлоо чыр менен бүттү (Түз эфир)

30 Бугу 2023 18:05 Бишкек Govori.TV

28-майда №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоо өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын баштапкы маалыматтарына ылайык, добуш берүүгө 125 миңдей шайлоочунун 13,95% же, 17 423ү гана катышты. 29 талапкердин ичинен алдыга чыккан Ниязалиева 35%, же 6 242 добуш алган.

Кечээ, 29-майда түндө Дамира Ниязалиеванын шайлоо штабында тинтүү жүргүзгөндөн кийин эшигине мөөр басылган. Жактоочунун айтмында, тинтүү иши эки сааттан ашуун созулуп, кеңседен үч ноутбук жана 30 барак штабдын ишине байланыштуу документтерди алып кетишкен.

Милиция кызматкерлери интернетте тараган аудио жазмадан соң кылмыш иши козголуп, тинтүү ошонун негизинде жүрүп жатканын маалымдашты.

Саясатчы штабдын ачкычын таба албай жатканын айткандан кийин милиция анын жардамчысынын машинесин текшерген. Ачкыч табылбаган соң ИИМдин ыкчам аракеттенчү тобу келип, штабдын эшигин кескилеп ачкан.

Мунун алдында интернетте Ниязалиеванын добушуна окшош аялдын шайлоо штабынын кызматкери делген адам менен сүйлөшүүсү тараган. Алар кишилерди ташып келүү, акча берүү жана башка темаларды сүйлөшкөн. Ниязалиева ал видеодогу сөздөр чындыкка дал келбей турганын берген комментарийинде билдирип, аудиону «монтаж» деп сыпаттады.

БШК териштирүү жүрүп жатканын кабарлады.

«Ленин округундагы шайлоо чыр менен бүттү» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары:

Узарбек Жылкыбаев — БШКнын мүчөсү;

Жеңиш Акматов — БШКнын мурдагы мүчөсү;

Өмүрбек Суваналиев — №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

Арслан Омурзаков — «Жалпы иш» коомдук фондунун программалык координатору.

Количество просмотров: 2942