Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештен “Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун кезексиз карап берүүнү өтүндү. Конституциялык мыйзамдын долбоорун 6-сентябрда Жогорку Кеңеш биринчи окууда көпчүлүк добуш менен кабыл алып берди. Ал эми парламент төрагасы Нурланбек Шакиев чуулгандуу маселе боюнча түшүндүрмө чыгарган Конституциялык соттун төрагасы баш болгон бүтүндөй курамынын кызматтан кетишин талап кылып чыкты.
Буга чейин Конституциялык сот бала 18 жашка чыкканда өз каалоосу менен “атасынын аты” деген графага апасынын атын жаздырууга укугу бар экендигин айткан чечмелөө берген. Конституциялык сот бул маселеде укуктук боштук бар экенин белгилеп, Министрлер кабинетине тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тапшырма берген.
«Майдандын» катышуучулары менен тааныштырып өтсөк: