• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Майдан: Next TV телеканалынын жабылышы сөз эркиндигине кандай таасирин тийгизет? (Түз эфир)

10 Жалган куран 2022 16:20 Бишкек Govori.TV

УКМК өткөн аптанын аягында «улут аралык кастыкты козуткан» деген берене менен кылмыш ишин козгоп, Next TV телеканалын жапты. Ал эми аталган телеканалдын директору Таалай Дүйшембиев 5-мартта соттун чечими менен эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Мындан соң телеканалдын журналисттери жана кызматкерлери Улуттук коопсуздук комитетине суракка чакыртылды.

Кылмыш ишинин козголуусуна каналдын социалдык тармактагы баракчаларында Казакстандын коопсуздук кызматынын мурдагы башчысынын сөзүнө таянып, «Украинадагы кырдаалда Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт» деген маалымат себеп болгон.

Бүгүнкү «Майдан» дебатында «Next TV телеканалынын жабылышы сөз эркиндигине кандай таасирин тийгизет?» деген темада талкуу болмокчу.

«Майдандын» катышуучулары:

  • Өмүрбек Сатаев — Next TV телеканалынын продюсери;
  • Акмат Алагушев — Медиа Полиси Институтунун аткаруучу директору;
  • Айбек Турдалиев — медиа эксперт.
Количество просмотров: 953