Бүгүн «Майдан» дебатында “Операция «Кустуруу». Коррупция менен күрөш кандай жүрүп жатат?” деген теманын алкагында сөз болмокчу.
Майдандын катышуучулары:
Кыргызстанда мурда-кийин табылган мыйзамсыз кирешелерди, мүлктү жана бизнести мыйзамдаштырууга жол ачылды. Октябрь окуядарынан кийин бийликке келген Садыр Жапаров 21-октябрда Кыргызстанда экономикалык мунапыс жарыялап, өөнөлгөн акчаны кайтарууга бир ай убакыт берген.
Бирок, айрымдар бул коррупционерлердин, олигархтардын кызыкчылыгы үчүн иштей турган мыйзам экенин айтып жатышат. Ал эми өкмөт документтин арты менен көмүскөдө жашырылып жаткан каражат ачыкка чыгарылса экономикага бир топ эле пайдасы тиет деп үмүт кылууда.