Бүгүнкү, «Майдан» дебатында “Президент тандалды. Шайлоо талапкерлердин купулуна толгон жок” деген теманын алкагында сөз болмокчу.
Дебаттын катышуучулары:
Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум 10-январда өттү. БШКнын сайтында электрондук үкөктөрдөн автоматтык түрдө саналган добуштардын пайыздык көрсөткүчү жарыяланууда.
Талапкерлердин арасынан Садыр Жапаров атаандаштарынан кыйла алдыда. Саат 21:00дөгү маалыматка караганда аны шайлоочулардын 79% көбүрөөгү колдоду.
Адахан Мадумаров – 6,60%, Бабыржан Төлбаев – 2,31%, Мыктыбек Арстанбек – 1.66%, Абдил Сегизбаев – 1.46%, Имамидин Ташов – 1.19% добуш ашылса калган талапкерлерлин добуштары 1 пайыздан төмөн болду. Ал эми баарына каршы шайлоочулардын 1,32% өз добушун берди.
Мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдумда президенттик башкарууну колдогондор – 81% ашат. Парламенттик башкарууну жактагандар 10,78%. Экөөнө тең каршылар 4,41%.
Бул акыркы эсеп эмес, сандар улам жаңыланууда. Буга кошумча, кол менен санай турган бюллетендер да бар. 3 563 574 жаран добуш берүүгө укуктуу. Алардын 1 581 569у шайлоого катышты.