• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Майдан: Референдум сунушталды: Кыргызстанга кандай башкаруу формасы керек? (түз эфир)

7 Чын куран 2020 13:14 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеште Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүн аныктоо боюнча референдум жөнүндө мыйзам долбоору 1-апрелден тартып коомдук талкууга чыгарылган. Ага ылайык, өлкөнүн башкаруу системасын аныктоо боюнча референдумду быйыл 4-октябрда өткөрүү сунушталган. Референдумда жарандар парламенттик же президенттик башкаруу системасын тандашы керек. Эгер мыйзам кабыл алынса, өкмөт референдум өткөрүүгө даярдык көрүүгө тийиш.

Мыйзам долбоорунун автору, Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев бул анын жеке демилгеси экенин айтып, анын артында президенттик аппарат турат деген дооматтарды четке каккан.

«Майдан» дебаттын алкагында «Референдум сунушталды: Кыргызстанга кандай башкаруу формасы керек?» деген тема талкууланат,

Катышуучулар: Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматов, жарандык активист Айбек Мырза. Майдандын бүгүнкү модераторы Канышай Мамыркулова

Количество просмотров: 5267