• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Майдан: Тышкы карыз кыргызстандыктарды чөгөлөтөбү (Түз эфир)

12 Жетинин айы 2020 18:03 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын мамлекеттик карызы, тышкы жана ички карыздарды кошкондо, 378 миллиард сомду (4,8 миллиард доллар) түзөт. Анын 86,6% — тышкы карыз жана бул сумма 328 миллиард сомго барабар (4,1 миллиард доллар).

Кыргызстандын мамлекеттик карыздарды төлөө көлөмү 2023-жылдан тартып көбөйө баштайт. 2027-жылы бул үчүн жылына 400 миллион доллардай бөлүп турушу керек болот. Өлкө 1992-жылдан 2018-жылга чейин 10 миллиард доллар грант жана насыя алган.

Карыздын 45% Кытайга бересебиз, 2025 жылга чейин карыздан кутула бербесек, чоң маселе жаралчуудай. Президенттин милдетин аткаруучу өкмөт башчы Садыр Жапаров Кыргызстан тышкы карызынан өз ресурстары менен кутула алат деп айтты.

Бул маселе «Майдан» теледебатында талкууланат.

«Тышкы карыз кыргызстандыктарды чөгөлөтөбү», деген теманын катышуучулары:

Төлөн Абдыров Экономика илимдеринин доктору, профессор

Кайрат Итибаев — Чет өлкөлүк инвесторлор ассоциациясынын жетекчиси

Марлен Амандыков — Финансы министринин орун басары, Борбордук казыналыктын директору

Количество просмотров: 473