Коронавирустун экинчи толкуну эки жумадан кийин башталуусу мүмкүн деп саламаттык сактоо министрилиги билдирди. Эгер абал курчуса кайрадан кескин чектөө киргизилиши толук ыктымал деп ведомство жарыя салды.
Ош шаарында кайра кошумча блокпост коюлуп, тартип катуулады. 11-майдан тарта Бишкекте да ушундай чараларды көрөт элек деп мэрдин орун басары айтты. Өзгөчө абалдын мөөнөтү бутуп калды, эми карантин узартылса, эл кантет, деген темадагы талкуу «Майдан» дебаттарында жаралды.
Дебаттын катышуучулары:
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев.
Мурдагы вице-премьер-министр, мурдагы саламаттык сактоо министри Дамира Ниязалиева
Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын
мурдагы судьясы, белгилүү юрист Клара Сооронкулова
«Ордо» партиясынын өкүлү, саясатчы Максат Чаки