• Шейшемби 21 Жалган куран 2023
  • Вторник 21 Март 2023

Майдан: ЖМК тууралуу жаңы мыйзам цензураны орнотууга жол ачабы? (түз эфир)

28 февраля 2023 в 18:16 Бишкек Govori.TV

Президенттик администрация 2022-жылдын сентябрында «ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгып коомдук талкууга чыгарган.

Эгер документ кабыл алынса, өлкөдө иштеп жаткан ЖМКнын кайра каттоодон өтүүгө (же катталууга) эки ай гана убактысы болот. 2023-жылдын 1-апрелине чейин кайра каттоодон өтүүгө (же катталууга) үлгүрбөгөн басылмалар автоматтык түрдө жоюлат.

Коомдук талкууга коюлган мыйзам долбоору катуу сынга кабылган. “Адилет” укуктук клиникасынын юристтери аталган мыйзам долбоорунда адам укугун жана эркиндигин чектеген олуттуу тобокелдиктер бар экенин белгилеген.

Кийин президенттик администрациянын алдында ЖМК тууралуу мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгуу боюнча көз карандысыз юристтерден, медиа өкүлдөрү жана президенттик администрация өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлгөн.

«ЖМК тууралуу жаңы мыйзам цензураны орнотууга жол ачабы?» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары:

Нурбек Сыдыков — “Медиа полиси” уюмунун адиси, медиа эксперт;

Шаирбек Маматокторов — медиа эксперт;

Семетей Аманбеков — Көз карандысызжурналисттер союзунун төрагасынын орун басары;

Асель Сооронбаева-журналист.

Количество просмотров: 818

Кыргызстандагы көп кабаттуу үйлөрдүн сапатын текшерүү керекпи?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда