Жалал-Абаддагы Майлуу-Суу шаарында 1-класстагы окуучу кыз зордукталды. Маалыматка ылайык, шектүү катары жергиликтүү турган кармалган. 8 жаштагы кыз зордукталганы айтылууда. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Тергөөнүн маалыматында, сентябрь айынын башында милиция бөлүмүнө оорукананын кызматкерелеринен кайрылуу келип түшкөн. Анда дарыгер 2012-жылы туулган кызды кечинде алып келигкенин, анын жыныстык мүчөсүнөн кан агып жатканын айтышкан. Кызды ооруканага жаткырышкан.
Аталган факты Жазык кодексинин 161-беренеси (“Зордуктоо”) менен катталып сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 29 жаштагы Майлуу-Суу шаарынын тургуну кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
26-октябрда аталган кылмыш иши толук кандуу тергелип бүтүп, шектүүнүн жасаган аракеттери толук далилденип, соттун кароосуна жиберилген.