• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Майлуу-Сууда бардык билим берүү мекемелери онлайн окутууга өттү

16 Үчтүн айы 202310:49 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абаддын Майлуу-Суу шаарында бардык билим берүү мекемелери онлайн окутууга өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Онлайн окутуу абал турукташканга чейин уланат.

Эскерте кетсек, 12-январда Майлуу-Сууда калкты таза суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. Таза суу сактагычында түтүктөр тоңуп, суунун басымы кескин төмөндөгөн. Шаардыктарга берилүүчү суунун көлөмү азайып, №1, 3, 4 отканаларда жылуулук берүү системасына суу толук келбей калган. Мындан улам шаар аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Количество просмотров: 117