• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Маймыл чечеги вирусунун белгилери кандай?

26 Теке 2022 18:11 Бишкек Govori.TV

Республикалык штаб маймыл чечеги вирусунун кандай белгилери бар экени тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык:

  • дене табынын көтөрүлүшү, баш оору, булчуң эттердин оорусу, далынын оорушу, лимфа түйүндөрүнүн чоңоюшу, чыйрыгуу жана чарчоо;
  • денеге беттен баштап дененин башка бөлүктөрүнө, анын ичинде жыныс органдарына жайылган майда жарааттар чыгышы мүмкүн;
  • майда жарааттар өзгөрүп, карттанып түшөрдүн алдында алды менен ар башка стадияларга өтөт жана суу чечек (ветрянка) же сифилистеги жарааттар сыяктуу көрүнүшү мүмкүн.

“Бул белгилер байкалган учурда үй-бүлөлүк дарыгерге же бейтапканага кайрылуу зарыл, өз алдынча дарыланууга болбойт”, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 1107