• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Майнинг-фермалардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

17 Аяк оона 2021 14:46 Бишкек Govori.TV

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети энергетика тармагындагы коррупциялык схемаларга бөгөт коюу ишинин жүрүшүндө майнинг-фермалардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүн аныктап, бөгөт койду.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, сотко чейинки өндүрүш материалдарынын алкагында КР жараны М.Д.Ю. электр энергиясын бөлүштүрүүчү «ЭТ» компаниясына мыйзамсыз кошулуп, электр энергиясын ири өлчөмдө урдоо менен майнинг-фермалар аркылуу криптовалюта алуу үчүн мыйзамсыз иштерди уюштурганы аныкталды.

2021-жылдын 15-сентябрында жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында «ЭТ» бөлүштүрүү компаниясынын электр тармактарына мыйзамсыз туташтырылган криптовалютанын иштешин камсыз кылуучу 500дөн ашык «майнинг-фермалар» аныкталган.

Белгилей кетүүчү жагдай, «майнинг-фермалар» өндүрүлгөн электр энергиясынын жетишсиздигине алып келет, анткени 1 жабдык 1500-3000 кВт саат сарптайт.

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган материалдардын алкагында мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо боюнча тиешелүү процессуалдык аракеттер жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 181