Мурунку президент Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаева Кыргызстанга учуп келгени тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
«М.Акаева Кыргыз Республикасынын чек арасынан өткөн жок», — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында М.Акаева Бишкек шаарына келгени тууралуу билдирүү тараган.
Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев көз жумганы маалымдалган. Акаевдердин үй-бүлөсүнө жакын адамдардын айтымында, жүрөк оорусу себеп болгон. Маркум ушул айда 44 жашка толмок. Маркум Москва шаарында акыркы сапарга узатылган.