• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Майрам Акаева менен Айгүл Жапарованын окшоштугу эмнеде?

3 Чын куран 2023 17:51 Бишкек Govori.TV


Учурда «Кыргызстандын биринчи айымы»,-статусуна ээ болгон төрт президенттин жубайы бар. Алардын эң алгачкысы Майрам Акаева 1993-жылдын 1-мартында «Мээрим» эл аралык балалыкты жана энеликти колдоо фондун негиздеген.

Мындан кийин, учурдагы биринчи айымды кошпогондо, башка президенттердин жубайлары кайрымдуулук фонддор менен алектенишкен жок. «Govori.TV» Кыргызстанга башчы болгон президенттердин жубайларынын эмне менен алек болгонуна сарасеп салып көрдү.

2005-жылы Курманбек Бакиев бийликке келгенден кийин, аны расмий никедеги жубайы Татьяна Бакиева «кайрымдуулук» иштеринен алыс болгону белгилүү.


Андан кийин, 2011-жылдан 2017-жылга чейин өлкөнү башкарган Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева дагы бул тармактагы фонд түзүүдөн алыс болгон. Анын медицина багытындагы илим менен алектенери белгилүү.


2017-2020-жылга чейин биринчи айым болуп турган, Айгүл Жээнбекова айыл чарба тармагында чакан бизнес менен алектенери айтылбаса, башка эч нерсе белгилүү эмес.


Эми Майрам Акаева жетектеген «Мээрим» фонду сыяктуу «Эне-балага тирек» коомдук фонду, Кыргыз Республикасынын биринчи айымы Айгүл Жапарованын демилгеси менен иштейт.

«Эне-балага тирек» фондунун мүдөөсү:
Биз биринчи кезекте балдарга жана энелерге жардам берүүгө умтулабыз. Алардын жашоо сапатын жакшыртуу, аларды коргоо жана потенциалын өнүктүрүү максатын көздөйбүз. “Эне-балага тирек – эне менен баланы колдоо.

1993-жылдын 1-мартында «Мээрим» эл аралык балалыкты жана энеликти колдоо фонду Майрам Акаеванын демилгеси менен негизделген.

Бул фонддун негизги максаты ушундай эле айтылат.
«Мээрим» фондунун негизги миссиясы: «Фонддун негизги миссиясы аялдардын жана балдардын ден соолугун сактоо, сергек жашоо образын жайылтуу, өсүп келе жаткан муундарды адеп-ахлактык жактан тарбиялоо, жалпы адамзаттык баалуулуктарды жана идеалдарды бекемдөө болуп саналат.


Жогорудагы эки фонддун аталыштары эле бөлөк болбосо, милдеттери бирдей. Учурунда Майрам Акаева «Мээрим» фонду укмуштай иштерди аткарып жатат деп теледен түшчү эмес.

Азыркы биринчи айым Айгүл Жапарова башкарган «Эне-балага тирек» фонду аткарган иш тууралуу өтө көп деле жарыялана бербегени менен, эл алдына чыгуу жагынан окшоштук тапса болот. Ал ажону жандап жүргөн ар бир иш-чарада коомдун көңүлүн өзүнө бурдура алат.

Жыл башынан беркисин алсак, 26-январда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөгө мамлекеттик сапар менен келгенде, Өзбекстандын биринчи айымы менен жолугушуудагы сүрөтү коомчулуктун көңүлүн бурду.

Ошондой эле, Айгүл Жапарова постсоветтик мейкиндиктеги эң таасирдүү аялдардын катарына кирди деген маалымат да талкуу жараткан. Бирок, бул рейтинг башка беделдүү сайттарда жарыяланбаганына байланыштуу манипуляция болуп чыкты.

Алардын эң акыркысы «Нооруз» майрамына карата салтанатуу иш-чарада кийип чыккан, улуттук кийими болду.

Бул тууралуу саясий серепчи Эмиль Жураев, «Мээрим» фонддун жамынып алып, туңгуч президенттин жубайы Майрам Акаеванын кылган терс жоруктарын, азыркы ажонун жубайы Айгүл Жапарова эске алышы керек деген пикирин айтат.

«Учурундагы биринчи айым Майрам Акаеванын кетирген кемчилигин, азыркы биринчи айым эске алат»,-деген ойдомун дейт Жураев.

Количество просмотров: 13972