• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Майрам күндөрү 9 миң милиционер күчөтүлгөн тартипте иштейт

27 Баш оона 202114:52 Бишкек Govori.TV

Эгемендиктин 30 жылдыгына карата Кыргызстанда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-августтан 1-сентябрга чейин майрамдык иш-чараларда жана көчөлөрдө жалпысынан 9 миңдей милиция кызматкери иштейт. Ар бир милиция мекемесинде элдин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча план иштелип чыккан.

Белгилей кетсек, 31-августта Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгы белгиленет. Бишкекте аскер парады жана эмгекчилердин парады өтөт. Жалпысынан республика боюнча 40тан ашуун майрамдык иш-чара пландаштырылган.

Количество просмотров: 131