• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Атынып алган милиция кызматкери боюнча ИИМ маалымат берди

15 Бугу 202317:06 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы күзөт кызматкеринин өлүмү боюнча кызматтык иликтөө башталды. Бул тууралуу Govori.TVга ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1999-жылы туулган кызматкер өзүн-өзү атып алган.

«Маркум 2020-жылдан бери кызмат өтөп келген. ИИМдин Күзөт кызматы тарабынан себептерин тактоо боюнча кызматтык иликтөө башталды»,-деп билдиришти ИИМден.

Буга чейин  Kaktus.media күч түзүмдөрүндөгү өздүк булактарына таянып, Ноокен районунда күзөт кызматкери өзүн атып алганын жазып чыккан.

Количество просмотров: 357