Бишкек.27.08.2019.Govori.TV.
UFC’нин экс-чемпиону Конор Макгрегор менен бокс боюнча мурунку дүйнө чемпиону Флойд Мейвезер күч сынашат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, мушкерлер япониялык «Супер жылдыздар» телешоусунда чыдамкайлык, ылдамдык боюнча таймашат. Аталган телеберүү Японияда Жаңы жылга жакын көрсөтүлөт.
Ал эми The Sun гезитинин маалыматы боюнча, жакынкы аралыкта Макгрегор 12 млн долларлык келишимге кол коет.