Бишкек.29.03.2019.Govori.TV.
Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиев Лондондо өткөн джиу — джитсу боюнча мелдеште жеңүүчү болуп аталган.
Бул тууралуу маалымат Бакиев машыккан клубдун расмий баракчасында жайгаштырылган.
«Бүгүн Максты «All Star BJJ Europeanans» мелдешинде алтын медаль утуп алышы менен куттуктайбыз»,-деп жазылган.
Эске салсак, 2005-жылы Кыргызстандын президенти болгон Курманбек Бакиев 2010-жылдагы ыңкылапта үй-бүлөсү менен өлкөдөн качып, Белорусия башпаанек тапкан. Уулу Максим Бакиев Британияда жүргөнү айтылып келет.
Апрель окуясы боюнча соттук жараяндын жыйынтыгында Курманбек Бакиев баш болгон 28 адамга айып тагылган.