• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Малдын зекети кандай берилет? Билип алыңыз!

13 Чын куран 2021 9:29 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан Мусулмандар Дин башкармалыгынын Фатва бөлүмү малдын зекети тууралуу маалымат жарыялады. Канча малы бар адам, кандай зекет бериши керек? Бул жерден билип алыңыз:

Уйдун зекети

Ар бир мусулман пенденин бодо малы 30 (отуз) уйга жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, ошондо  бир жаштан ашкан  кунаажын зекет катары берилет. Топоздон дагы зекет берилет. Анын өкүмү уйдун зекетинен эч айырмаланбайт.

Кой, эчкинин зекети

Ар бир мусулман пенденин  майда малы 40 (кырк) койго же 40 (кырк) эчкиге жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, ошондо  бир кой же бир эчки зекет катары берилет.

Төөнүн зекети

Ар бир мусулман пенденин төөсү 5 (беш) төөгө жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, бир кой зекетке берилет.

Жылкынын зекети

Ар бир мусулман пенденин күнүмдүк жашоого колдонулбаган, алты айдан ашык жайытта багылган  жылкыларынан зекет берилет. Бир же андан көп жылкынын баасы алтын эсеби менен (нисабка) зекет берүү өлчөмүнө жетсе кырктан бири зекетке берилет.

Бул  мал жандыктардын зекетинин өлчөмүнүн  башталышы. Мал көбөйгөн сайын зекет эсептери өзгөрөт.

Количество просмотров: 523