• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Малиев: Комиссия 45 тонна алтын бар экенин аныктады

6 Чын куран 202313:38 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-апрелде Кумтөр боюнча депутаттык комиссия массалык маалымат каражаттарына жыйын өткөрдү. Анда комиссияга төрагалык кылган Арсланбек Малиев учурда 45 тонна алтын улуттук банкта бар экенин билдирди.

Эске салсак, 16-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы №494-VII жана 2022-жылдын 8-декабрындагы №719-VII токтомдору менен уюшулган «Кумтор Голд Компани» ЖАКнын алтын казып алуусун жана сатуусун, Кыргыз Республикасынын менчигине өткөн учурдан берки анын ишин изилдөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу угулган.

Количество просмотров: 144