• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Маматалиев: Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин күйүүчү майдын баасы пошлинасыз сатылыш керек болчу

8 Аяк оона 2021 16:52 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин курамына киргенден кийин күйүүчү майдын баасы пошлинасыз сатылыш керек болчу. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев билдирди.

«Күйүүчү майдын тегерегинде жакшы эмес окуялар болуп жатат. Биз Евразиялык экономикалык биримдиктин курамына чектөөлөр коркунучу менен мигранттар маселесин эске алуу менен кошулганбыз. Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн катарында болгондон кийин күйүүчү май бажы алымдары жок берилиши керек. Бул багытта министрлер кабинети тез арада чара көрүшү зарыл. ЕАЭБдин алдына түзүлгөн атайы комиссияга кайрылып, маселени кабыргасынан койгон оң болот»,-деди эл өкүлү Маматалиев.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын нефтетрейдерлер союзу сентябрь айынан тартып өлкөнүн нефтетрейдерлери Орусиядан күйүүчү майды пошлина менен ала баштаганын билдирген. Орусиялык заводдордон күйүүчү май ташып келүүгө экспорттук бажы алымы колдонулат — бир тоннага 19,3 доллар. Күйүүчү майды ташып келүүдөгү бажы алымынан улам бензин 1,3-1,7 сомго кымбатташы мүмкүн экени айтылган.

Количество просмотров: 573