• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Маматокторов: Азыркы шартта ЖКга депутат болуп баруунун кажети жок

19 Жетинин айы 2021 13:02 Бишкек Govori.TV

Азыркы шартта ЖКга депутат болуп баруунун кажети жок. Мындай пикирин саясий серепчи Шаирбек Маматокторов Govori.TVнын «Майдан» дебатында билдирди.

Анын айтымында ишке кирген жаңы Баш мыйзамда Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары кыйла азайган.

«Сен азыр премьер-министрди эмес айыл өкмөтү кетире албайсын. Себеби жаңы мыйзам менен депутаттын мурункудай ыйгарым укуктары дээрлик калган жок. Атакаруу бийлик мыйзамдарды аткарбай койсо, силер сүйлөп-сүйлөп кала бересиңер, эч нерсе кыла албайсың.

Ал эле эмес азыр 2 айга депутат боло калайын дегендер барып жатат. Менимче депутаттык 5 жылдык мөөнөттүн эки жарым жылынан кийин кудайы сактасын бирок депутат өлүп калса да анын ордуна эч кимди алып келбеш керек. 120 орундуу парламенттен 300дөн ашып кетти. 5-10 жылда өлкөнүн жарымы экс-депутат, 15 пайызы мурунку министр, 5 пайызы экс-президент болуп калат. Мындай болбойт да. Мурункудай ыйгарым укутары көп боло турган болсо, ал башка кеп эле. Ал эми азыр жөн эле «кнопка баскыч» болуп баруунун кереги жок», — деди ал.

Количество просмотров: 270