• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Мамэкотехинспекция унааларга техникалык кароону киргизүүнү сунуштоодо

10 Бештин айы 2019 13:27 Бишкек Govori.TV

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы транзиттик унаалардын Бишкекке кирүүсүнө чектөө киргизип, экологиялык постторду орнотууну сунуштоодо. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйында Мамэкотехинспекциянын аймактар аралык башкармалыгынын башкы тескөөчүсү Камель Султанмуратов билдирди.

Анын айтымында, Бишкектеги абанын булганышы көмүр жагуу жана унаалардан чыккан зыяндуу заттардан болуп жатат.

Ал, жеке унааларга техникалык кароону киргизүү сунушталып жатканын айтып өттү.

«Бүгүнкү күнү эл ташыган жана атайын унааларды гана техникалык кароодон өткөрө алабыз. Жеке унаалар техникалык кароодон айдоочунун өз калоосу менен өткөрүлөт. Мындан улам техникалык кароону кайрадан киргизүү сунушталууда. Себеби, мурда техникалык кароо учурунда унаанын экологиялык абалы да текшерилчү. 2012-жылы техникалык кароо жоюлган», — дейт ал.

Ал белгилегендей, Бишкекте эл ташыган 47 унаа ишканасы иштеп, шаар боюнча 3,5 миң кичи автобус каттайт.

«Алардын 12си текшерилди. Дээрлик 50%ы талаптарга туура келбейт экен», — деди ал.

«Бүгүнкү күнгө карата 550 миң сом айыппул салынды. Өткөн жылдын ушул эле мезгилинде айыппул 270 миң сом болгон. Бир эле айыппул менен маселени чечүүгө болбойт. Биз анализ жүргүздүк. Үйдү жылытууга бир айда орточо 1 тонна көмүр кетет. Газ менен жылытуу 12-20 миң сом турат. Бул жагынан газдын тарифи боюнча маселе парламент менен өкмөттө каралууда», — деди ал.

Количество просмотров: 42