• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мамкатоонун мурдагы төрагасы Мамбетов Ош шаарынын мэрлигине талапкерлигин койду

18 Баш оона 202114:29 Бишкек Govori.TV

Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэри кызматына талапкер катары катталды. Маалыматты Govori.TVга БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Ош шаарынын мэрин шайлоо 26-августка дайындалган. Бүгүн, 18-августта Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэрлигине талапкерлерди каттоо аяктайт.

Белгилей кетсек, Мамбетов 2-августта Оштун мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. 45 жаштагы Алмаз Мамбетов 2016-2019-жылдары Балыкчы шаарынын мэри, 2019-2020-жылдары Мамлекеттик катоо кызматынын төрагасы, 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин президенттин иш башкармалыгынын төрагасы болгон.

Количество просмотров: 457