• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Мамкаттоо: Мекеме аралык комиссия түзүлүп, сүрөттөр териштирилет

5 Бештин айы 2019 17:35 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик каттоо кызматы мекеменин башчысы сүрөтү Интернетте тарап жаткан автоунааларга тиешеси жок экенин билдирди.

Мамкаттоонун басма сөз катчысы Адилет Бейшеналиев «Азаттык» радиосуна маалымдагандай, муну тастыктай турган бардык далилдер бар.

— Бул учурда, 1-декабрда саат 16:30да Алмаз Мамбетов Арча-Бешик конушунда конокто болчу. Ал сүрөттөгү киши Мамбетов эмес деп дагы бир жолу айтып кетем, — деди Мамкаттоонун өкүлү.

Кечээтен бери Интернетте 01 578 ASD деген окшош номур тагылган беш түрдүү машиненин видеокөзөмөл камераларына түшүп калган сүрөттөрү тарап жатат. Алардын бири 1-декабрда жол эрежесин бузуучу катары тартылган. «Ошол машинени айдап бараткан адам Мамкаттоонун жетекчиси Алмаз Мамбетов» деген да маалымат чыкты.

Мекеменин расмий маалыматына караганда, Мамбетовдун кара түстөгү «Мерседес Бенц» жана «Шевроле Аваланж» жеке автоунаалары бар жана алар тууралуу декларациясында жазылган. Ал эми жумуш күндөрү Мамбетов кызматтык «Тойота Камри» машинесин колдонот.

Мамкаттоо кызматынын жетекчилиги Интернетте тарап жаткан сүрөттөрдүн чын-төгүнүн жана аларды жайылтуу максатын аныкташ үчүн мекеме аралык комиссия түзүп, териштиргени жатат.

Мекеменин жетекчисинин жасалма номурларга тиешеси бар-жогун териштирүү маселеси бүгүн Жогорку Кеңеште да көтөрүлдү.

Количество просмотров: 11