• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Мамкаттоо Орусиядагы кыргыз паспорту интернетте сатылып жатканы тууралуу үн катты

3 Бирдин айы 2020 13:56 Бишкек Govori.TV

Бул тууралуу мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Адилет Бейшеналиев «Азаттыкка» кабарлады. Айтымында, орусиялык сайттарда Кыргызстандын эски үлгүдөгү ички паспортторун сатып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт.

«Жасалма. Кадимки пластикке сүрөттөрдү тартып, каалаган фамилияны жазып, жасап беришет. Алар кандайдыр бир уурдалган же бизден чыгып кеткен мыйзамдуу паспорттордун бланкы деп түшүнбөө керек», — деди ал.

Адилет Бейшеналиевдин сөзүнө караганда, Орусияда жасалма паспортторду даярдаган шылуундар бир эле Кыргызстандын эмес, башка өлкөлөрдүн да, арасында Европанын өнүккөн өлкөлөрүнүн да паспортторун даярдап беребиз деп кызмат сунуштаган учурлар жок эмес. Бейшеналиев Мамлекеттик каттоо кызматы андай сайттарга карата чара көрүүсүн өтүнүп, орус бийлигине да улам кайрылып келерин бышыктады.

Орусиялык айрым сайттар Кыргызстандын ички жарандык паспортун 15 миң рублден сатып жатканы тууралуу бир катар маалымат каражаттары жазып чыгышкан.

Азаттык тиркемеси
Азаттык Телеграмда
Азаттык Инстаграмда
Кыргызстандын жасалма паспорт маселеси көптөгөн эл аралык чырларда ачыкка чыгып келген. Бир нече жыл мурун Стамбулдан террорчулукка шектелип кармалгандардын жанынан Кыргызстандын 90 паспорту табылган. Былтыр Стамбулда киши колдуу болгон кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмү үчүн шектүүлөрдөн да кыргыз паспорту табылган.

Количество просмотров: 179