• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Мамкаттоо: Унаанын айдоочусу Мамбетов эмес, ага окшош адам

5 Бештин айы 2019 13:22 Бишкек Govori.TV

Интернетке «Коопсуз шаардын» камераларына тартылган сүрөттөр тарап, анда 578 ACD мамлекеттик номери беш башка унаага тагылып жүргөнүн көрүүгө болот. Унаалардын бирин башкарып бара жаткан айдоочу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алмаз Мамбетовго окшош экени айтылып, талкууланган.

Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы бул тууралуу комментарий берип сүрөттөгү Алмаз Мамбетов өзү эмес экенин айтышты.

«Алмаз Мамбетовдун эки унаасы бар, алар тууралуу ал өзүнүн салык декларациясына жазылган. Анын кара түстөгү Mercedes 212 үлгүсүндөгү жана Chevrolet Avalanche үлгсүндөгү унаалары бар. Ал унааларын эс алуу күндөрү гана колдонот. Башка күндөрү Mersedes үлгүсүндөгү унаааны анын жубайы айдап жүрөт. Ал эми интернеттеги сүрөттө унааны Алмаз Мамбетов эмес ага аябай окшош адам башкарып бара жаткан», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы унаага издөө жарыялады.

Количество просмотров: 179